Жооп барагын толтуруу эрежеси

Жооп барагы сканер менен автоматтык текшерилет. Ушул эрежелерди сактасаңыз, ар бир жообуңуз туура окулат.

Чарчы (төрт бурчтук) менен белгилөөгө болбойт

ЖРТнын брошюрасында жоопту оңдоо үчүн туура вариантты чарчы менен белгилөө сунушталат. Биздин жооп барагында бул ыкма иштебейт.

Сканер чарчыны оңдоо деп түшүнбөйт — тегерекченин ичиндеги боёкту гана көрөт. Мурунку жооп менен чарчы бирге эки жооп болуп, суроого упай берилбейт. Ар дайым тегерекчени гана боёңуз.

  • АБВГ5.

    Туура эмесЧарчы ордуна

  • АБВГ5.

    Туура эмесЧарчыга алуу

  • АБВГ5.

    ТуураТегерекче гана

Кантип белгилөө керек

Тандаган жообуңуздун тегерекчесин толук, четинен чыгарбай боёңуз

  • АБВГ5.

    ТуураТолук жана тыкан боёлгон

  • АБВГ5.

    Туура эмесЧарчы менен белгиленген

  • АБВГ5.

    Туура эмесТегерекче чарчыга алынган

  • АБВГ5.

    Туура эмесГалочка коюлган

  • АБВГ5.

    Туура эмесКрестик коюлган

  • АБВГ5.

    Туура эмесЧекит гана коюлган

  • АБВГ5.

    Туура эмесЖарымы гана боёлгон

  • АБВГ5.

    Туура эмесЧетинен чыгып кеткен

  • АБВГ5.

    Туура эмесБир суроодо эки жооп

  • АБВГ5.

    Туура эмесТамга тегеректелген

Сканер тегерекченин ичиндеги боёкту гана өлчөйт. Ачык, жарым же сыртындагы белгини ал жооп деп окубай калышы мүмкүн, ал эми бир суроодо эки белги болсо — ал суроого упай берилбейт.

Эрежелер

  1. Көк же кара калем менен

    Сыясы жайылбаган, жакшы жазган калем алыңыз. Ачык, бүдөмүк белгини сканер окубай калышы мүмкүн.

  2. АБВГ7.8.

    Бир суроого — бир гана жооп

    Жоопту адегенде черновикте тандап, анан гана боёңуз. Боёлгон жоопту оңдоого болбойт: экинчи тегерекче боёлсо, суроого упай берилбейт. Ката кетсе, администраторго кайрылыңыз.

  3. каттоо номери1042750.1.2.3.4.5.6.7.8.9.

    Баракчанын башын толтуруңуз

    Ар бир клеткага бир цифра жазып, анын астындагы мамычадан ошол цифранын тегерекчесин боёңуз. Ар бир мамычада — бир гана тегерекче.

    Тест борборунун коду
    2 цифра
    Каттоо номери
    6 цифра · жеке кабинеттин Башкы бетинде
    Тест дептеринин номери
    6 цифра

    Тест борборунун коду жана тест дептеринин номери тест күнү берилет. Фамилияңыз менен атыңызды клеткаларга бирден тамга менен жазып, «колу» деген жерге кол коюңуз.

    Биздин бланкта цифралар жогорудан ылдый 0дөн 9га чейин турат — ЖРТнын бланкындагыдай 1…9, 0 эмес.

  4. Баракты бүктөбөңүз

    Бүктөлгөн, бырышкан же тоголонгон баракты сканер туура окубайт. Баракты түз, тыкан кармаңыз.

  5. Таза кармаңыз

    Суу, тамак, кир тийгизбеңиз. Баракка жоопторуңуздан башка эч нерсе жазбаңыз, сүрөт тартпаңыз.

  6. Бурчтардагы кара чарчыларга тийбеңиз

    Төрт бурчтагы кара чарчылар аркылуу сканер баракты табат. Аларга жана баракчанын четтерине эч нерсе жазбаңыз, жаппаңыз.

Каттоо номериңиз жана тесттин жыйынтыктары — жеке кабинетте.